БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Белгисиз адамдар "Альфа секьюрити" күзөт агенттигинин кампасынан 20 даана курал уурдап кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык ИИББдан кабарлашты.
Окуя 27-апрелде болгон. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.
Мекеменин администрациясы азырынча комментарий бере элек.