Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Нурдин Түгөлов атындагы "Ак Марал" мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анаркүл Нургалиева менен журналист Гүлдана Талантбекова бий өнөрүнүн кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу маектешишти.
— "Ак Марал" бий ансамбли кечээ же бүгүн пайда боло калган жок. Тарыхын карап отурсак совет мезгилинен бери келе жатыптыр. Бий тобунун бүгүнкү күнгө чейин сакталып келишине эмне себеп болду?
— 1936-жылы филармониянын алдына балетмейстер Н.С Холфиндин жетечилиги менен чакан бий ансамбли уюшулат. Тилекке каршы, согуш башталып, ансамбль жоюлуп кетет. Убакыт өткөн сайын бий ансамблин кайрадан уюштуруу керек деген суроо дайыма козголуп келет.
— Аталышы эмнеге "Ак Марал" болуп калган?
— Ал кезде көп аттарды сунушташкан. Кеңешип отуруп маралдай керилген, келишимдүү бийчилер болсун деген тилек менен "Ак Марал" деп койгонбуз.
— Көркөм жетекчи болуп шайлангандан бери ишти алып кетүүдө кыйынчылыктар болдубу? Иш баштаганда ар бир эле адамдын башынан өтө турчу көрүнүш болсо керек?
— 2016-жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштадым. Тилекке каршы, азыр бийчилер аз. Жалпы курамда 13 кыз, 9 бала иштейт. Концерт койгондо программаны иреттеш кыйынчылык жаратат. Себеби концерт учурунда бири бийлеп жатса, экинчиси кийинип туруш керек эле. Негизи ансамбль деп көптөгөн бийчилердин коштоосундагы бийлерди айтышат.
— Бийдин курамы канча убакытта бирде алмашып турат?
— Бийчилер 18 жаштан 38 жашка чейин иштеп, пенсияга кетишет. Бирок ортодо турмуштук себептер менен кетип, келбей калгандар бар. Айрыкча жакшы балдар кетип жатса ичиң ачышат. Анан жаңы кыз келген сайын кайрадан үйрөтүп, бийди улам баштап убара болобуз. Учурда жаш бийчилерге 4-5 миң сом айлык менен стимул берүү кыйын. Жетекчибиз Кыргызбай Арапбаевич колдон келишинче жардамын берип жатат.
— Курамга алып жатканда кандайдыр бир талаптарыңыз барбы?
— Эмнеге? Ушунчалык оорбу?
— Бизде башка бий ансамблдеринен айырмаланып жумуш таптакыр башкача. Сөзсүз түрдө хореография сабагы өткөрүлөт. Хореографияга көчөдөн келген бийчилер чыдай албайт. Негизи эле бий физикалык күчтү, чыдамкайлыкты талап кылат.
— Жалпысынан канча бийди өздөштүрдүңүздөр?
— Жыйырмадан ашык бий бар. Тилекке каршы, костюмдарыбыз абдан эскирди. Көп бийлерди ошол себептен бийлей албайбыз. Форманы жаңыртканга да чоң акча кетет. Толук түрдө жаңырта албасак дагы, асты-үстүн алмашырып турабыз. Көзгө басаар үч эле костюмубуз бар. Мамлекеттик иш-чара, сырттан коноктор келип калса ал — "Ак Маралсыз" өтпөйт. Мамлекеттик бий ансамбль болгондон кийин жогорку жактагылар тиешелүү мамиле жасашы керек деп ойлойм.
— Тойлорго дагы кызмат көрсөткөн учурларыңыздар болобу?
— Кыздар "Ак Марал" бий ансамбли эмес, башка коллектив болуп чыгышат. Кыздарды билесиздер, боенгуч алып, кийимин алыш керек. Бул нерсенин баарын бир гана айлык акыдан арттырып алуу мүмкүн эмес.
— Өзүңүз дагы бийлеп турасызбы?
— 2008-жылы пенсияга чыккам. Хореографиялык мектепте классикалык бийлер боюнча педагог болуп иштейм. Филармониядан болсо балдарга бий кыймылдарын көрсөтүп берем. Бий бул — биздин жашообуз.
— Алдыда кандай пландарыңыздар бар?
— Жакында 5-майда 1983-жылдан 2014-жылга чейин "Ак Марал" бий ансамблин жетектеген КРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелисбек Асылбашев агайдын урматына концерт берели деп даярдыктар жүрүп жатат. Июнь айында Астанада өтө турчу бий фестивалына барабыз.