Сулайманова: кыздарымды Россиянын биринчи каналынын редакторлору өздөрү чакырды
Айпери менен Нурперини Россиянын биринчи каналындагы "Лучше всех" теледолбоорунун редакторлору өздөрү чакырышкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эгиз кыздардын апасы Наргиза Сулайманова билдирди.
Эске сала кетсек, кыргызстандык Нурмухамед Ташмаматов жана эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Тургуналиевалар Россиянын биринчи каналындагы "Лучше всех" таланттар шоусуна тартылышты.
"Кыздарым Ноорузда бийлеген эле. Ошондогу видеосу интернетке тарап, Россия менен Казакстанда популярдуу болуп кетиптир. Анан теледолбоордун башкы редактору видеону интернетке жүктөгөн балага кайрылыптыр. Ал бизге чыгып, ошентип долбоорго катышып калдык", — деди Сулайманова.
Ал кастинг алгач скайп аркылуу өткөнүн кошумчалады.