БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Нурмухамед Ташмаматов, эгиздер Айпери жана Нурпери Тургуналиевалар Россиянын ОРТ каналындагы "Лучше всех" таланттар шоусуна тартылды. Жакында бул программа каналдын эфиринен көрсөтүлөрүн балдардын ата-энелери Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
Максим Галкин алып барган бул программа 3 жаштан 12 башка чейинки өзгөчө таланты бар балдарды коомчулукка алып чыгат.
"Программа жогорку деңгээлде тартылды. Жакында Кыргызстанга келип калабыз", — деп эгиз кыздардын апасы Наргиза Сулайманова кошумчалады.
Ата-энелеринин айтымында, долбоордун авторлору менен алып баруучу кыргызстандык наристелердин талантына суктанып, жогорку баа беришкен.
Нурмухамед төрт жашынан тарта каратэ менен машыгып, учурда сары курдун ээси. Ал эми эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Нооруз майрамы учурунда бийлеген бийинен кийин калың журтка таанымал болгон.