Акыркы 17 жылдан бери бир да жолу оңдоп-түзөө болбогондуктан, ушундай абалга келген. Бул туурасында музейге барып, анын абалын көргөндөн кийин коомчулукка алып чыккан 1-курстун студенти Бакай Матмусаев менен "Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
"Кышында университеттин жетекчилиги менен келгенбиз. Тамдын чатырынан суу агып, начар абалда экен. Кагаздардын сыясы чыгып жатканын көрдүм. Кыргыздын улуу акынынын үй-музейи мынчалык байкуш абалда экенин билген эмесмин. Андан кийин социалдык тармак аркылуу үй-музейди демөөрчүлөр тобунун жардамы менен оңдоого чакырык салдым", — деди Матмусаев.
Учурда негизинен студент балдардан түзүлгөн "Алыкул ашары" демилгеси үй-музейди оңдоп чыгууну колго алып, ал үчүн атайын концерт уюштурууну пландап, демөөрчүлөрдү издей баштады. Бакай бул боюнча ЭЛСОМдо 0771939692 деген атайын эсептик комер ачылгандыгын айтты.
"Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга узаган жери. Тагыраагы, 12-декабрда 35 жашында ушул жерден көз жумган. Андыктан бул жерди кийинки муундар көздүн карегиндей сакташыбыз керек", — деди Казыбаев.
Учурда бул демилгеге баш-аягы болуп жаштар уюмдарынан, студенттик кеңештерден турган 11 топ кошулду.