Төрт миңдей кыргызстандык эмгектенген Тюмень шаарында жыл башында үйдүн чатырында күн кечирип жүргөн төрт кыргызстандык аныкталган. Бул тууралуу аталган шаардагы "Биримдик" диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова айтып берди. Бул окуя алардын бири суукта каза болгондон кийин гана белгилүү болгон. Кырк жаштан өтүп калган кыргызстандык жарандар ичкиликке берилип кетип, аракка акча керек болгондо жалданып иштеп коюшчу.
Сманова аталган диаспорага күнүнө жок дегенде кыйын кырдаалга кабылган 2-3 мигрант кайрыларын айтып берди.
"Жакында күйөөсү депортацияланып төрт баласы менен көчөдө калган аял келди. Жыл башында бир селсаяк тоңуп өлүп калып, аны менен бирге үч кыргызстандык арак ичип үйдүн чатырында күн кечирип жүргөнү аныкталган. Аларды ошол каза болгон адамдын сөөгү менен чогуу Кыргызстанга кетиргенбиз", — деди Сманова.
Андан сырткары, Сманова иштегени келген айрым кыргызстандык жарандар айлык маянасын ала албай, документтерин жоготуп автобекетте калган окуялар көп кездешип жатканын кошумчалады.
Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2016-жылы аэропорт, оорукана, ишканаларда жана түрмөдө жардамга муктаж болуп калган 250дөн ашуун мекендешке ар кандай мүнөздөгү жардам көрсөткөн. Москвада эле жыл башынан бери жашаганга жери жок көчөдө калган бир нече факты аныкталган. Элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова 2017-жылдын башынан бери жашаганга үйү жок калган эки кишинин окуясын айтып берди.
Андан сырткары, ал жардамга муктаж болуп орто жолдо алгандардын басымдуу бөлүгү кыздар менен келиндер экендигин баса белгиледи.
Мекендештердин көйгөйү менен түзмө-түз иштеп, аларга жардам көргөзгөн "Москва шаары жана Москва облусундагы кыргызстандыктардын биримдиги" коомунун төрагасы Эгемберди Мырзабеков мындай терс көрүнүштөр көп болуп жатканына токтолду.
"Москвада кыргызстандык мигранттардын саны арбын, ошо менен биргеликте селсаяк болуп кеткендер дагы көп. Азыр дагы жаз келип, күн жылып калды. Кышында көчөдө тоңуп каза тапкандар болду. Аларды кийин туугандары моргдон алып кетишкен. Андан сырткары, жергиликтүү селсаяктарга кошулуп, тилемчилик кылганга чейин жетип кеткендер да кездешет. Кыйын кырдаалга кабылган мекендештерге кыргыздар акча чогултуп, жатакана таап бергенге аракет кылабыз", — деди Мырзабеков.
Ал кыргызстандыктардын мындай жагдайга кабылышына түрдүү себептер бар экендигин кошумчалады. Бирок эң негизгиси — жарандардын караңгылыгы жана аракка берилип кеткендиги.
Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев селсаяктардын саны көбөйүп жатат деген пикирге кошулбай турганын жана жыл башынан бери мындай кырдаалга туш болгон эки гана жаран аныкталганын белгиледи.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2016-жылы дайынсыз жоголду делгендердин ичинен 15 кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктаган. Ошондой эле мигранттардын маселелерине байланыштуу Россиянын тиешелүү мекемелерине 300дөн ашык кайрылуу жасалган.