БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Айгерим Нурланова менен Айгерим Бектенбаева Supermodel International – 2017 эл аралык сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дүйнөлүк сулуулар конгрессинин (World Beauty Congress) директору Амина Юсурова билдирди.
Кыргызстандык моделдер аталган сынакка катыша тургандыгы конкурстун расмий сайтына дагы жарыяланды.
Дүйнөлүк сулуулар сынагы 12-апрелде Индиянын борбору Нью-Делиде өткөрүлөт. Ага ар кайсы мамлекеттен келген 40 бийкеч катышат. Сынактын финалдык бөлүгү 22-апрелде өтөт.
Айгерим Нурланова сынакта Ысык-Көл облусунун атынан чыгарын ал эми экинчи катышуучу Кыргызстандын намысын коргой турганын билдирди.
Нурланова буга чейин Кытайда өткөн Miss tourism – 2016, Алматыдагы Face of Сentral Asia – 2017 жана Кыргызстан сулуусу — 2015 сынактарына катышкан. Ал эми Бектенбаеванын подиумга алгачкы ирет чыгуусу.
Өткөн жылы аталган сынакта Кыргызстандын атынан Барчын Казакбаева катышкан. Анда жеңүүчү болуп малайзиялык Жозефин Тан аныкталган.