БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Адамдарды өз учурунда көчүрүп кетүү аларды көчкүдөн сактап калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Буга чейин Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айылында 800 куб метр болгон көчкү жүргөн. Ал бир үйдү ашканасы менен кошо басып калган.
ӨКМдин билдиришинче 8-апрель күнү куткаруучулар жашоочуларды башка жакка көчүрүп кетишкен. Табигый кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.