БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Орто-Сай айылындагы Балык-Кумар көчөсүндө турак үй күйүп жатат. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран билдирди.
Аталган маалыматты ӨКМ маалымат кызматы тастыктап, өрт тууралуу билдирүү болжол менен 16:45тер чамасында түшкөнүн тактады.
Video Player is loading.
Орто-Сай айылында турак үй өрттөнүп жатат
0:36
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Учурда кырсык катталган жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Өрт толугу менен өчүрүлө элек"— дешти министрликтен.
Жабыркагандар боюнча азырынча так маалымат жок.