00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркиянын Кайсери шаарында кыргыз студенттер улуттук маданиятты таанытышты

© Фото / Чынара АлиеваДень кыргызской культуры в городе Кайсери
День кыргызской культуры в городе Кайсери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эржиес университетинде кыргызстандык 85 студент билим алат. Иш-чара Кыргызстанды жакшы жагынан таанытуу, мыкты эл экенин көрсөтүү жана туризмдин өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуу болуп эсептелинет.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Түркиянын Кайсери шаарынын Эржиес университетинде билим алган кыргызстандык студенттер улуттук маданиятты таанытуу күндөрүн өткөргөнүн Кыргызстан студенттер биримдигинин негиздөөчүсү Манасбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, "Орто Азиянын жүрөгү — Кыргызстан" деген ураандын алдында өткөн иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук дасторкону жайылып, буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулган.

© Фото / Чынара АлиеваТүркиянын Кайсери шаарынын Эржиес университетинде билим алган кыргызстандык студенттер улуттук маданиятты таанытуу күндөрүн өткөрдү
Түркиянын Кайсери шаарынын Эржиес университетинде билим алган кыргызстандык студенттер улуттук маданиятты таанытуу күндөрүн өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түркиянын Кайсери шаарынын Эржиес университетинде билим алган кыргызстандык студенттер улуттук маданиятты таанытуу күндөрүн өткөрдү
© Фото / Чынара Алиева"Орто Азиянын жүрөгү — Кыргызстан" деген ураандын алдында өткөн иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук дасторкону жайылып, буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулган.
Орто Азиянын жүрөгү — Кыргызстан деген ураандын алдында өткөн иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук дасторкону жайылып, буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Орто Азиянын жүрөгү — Кыргызстан" деген ураандын алдында өткөн иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук дасторкону жайылып, буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулган.
1/2
Түркиянын Кайсери шаарынын Эржиес университетинде билим алган кыргызстандык студенттер улуттук маданиятты таанытуу күндөрүн өткөрдү
2/2
"Орто Азиянын жүрөгү — Кыргызстан" деген ураандын алдында өткөн иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук дасторкону жайылып, буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулган.

"Кыргызстанга таандык жакшы салттарды, адаттарды, улуттук өнөрлөрдү келгендерге түрк тилинде айтып бердик. Өзгөчө манасчылыкка абдан таң калышты. Андан тышкары, кара жорго бийи, комуз күүлөрү тартууланып, бешикке салуу салтын көрсөтүү менен бирге улуттук кийимдерибиз тууралуу маалымат бердик", — деди Максутов.

Биримдиктин жетекчиси иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай интерактивдүү оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун китептери, калпак жана башка белектер берилгенин кошумчалады.

Түркиянын Кайсери шаарында окуган ар улуттагы студенттерге ак калпак кийип, кыргыз туусун желбиретип Ак калпак күнүн белгилешти - Sputnik Кыргызстан
Түркия: Кайсериде окуган ар улуттун студенттери ак калпак кийип майрамдашты
"Кыргызстанга кызыккандар, суктангандар абдан көп болду. Кооз жерлерин көрсөтүп, өлкөгө келип эс алууну сунуштадык. Соңунда Кайсериде окуган кыргызстандык студенттер чогуу сахнага "Кыргызстаным" аттуу чыгарманы аткардык. Майрам көпчүлүктүн купулуна толду", — деди Максутов.

Ал мындай иш-чара Кыргызстанды жакшы жагынан таанытуу, мыкты эл экенин көрсөтүү жана туризмдин өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуу экенин белгиледи.

Кайсери шаарындагы Кыргызстан студенттеринин биримдиги 2016-жылы түзүлгөн. Ал эми бул шаардагы Эржиес университетинде кыргызстандык 85 студент билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0