Пекинде Mercedes-Benz China Fashion Week мода жумалыгынын алкагында тибеттик дизайнер AJ Namo өз коллекциясын тартуулады. Ал эми орус президенти Владимир Путин уюл учкучтарынын мөңгүсүндөгү үңкүргө барды.
Австралияда "Дебби" бороону эки адамдын өмүрүн алып кетти. Ал ортодо Токиодо айбанаттарга зарыл буюм-тайымдардын Interpets Asia Pacific деп аталган жарманкеси ачылды.
Бали аралында өбүшүү фестивалы өтсө, Португалиянын Мадейра аймагындагы аэропортко футболчу Криштиану Роналдунун аты берилди.

Кытайдагы асканын боорундагы фотосессия

Пекинде Mercedes-Benz China Fashion Week мода жумалыгында тибеттик дизайнер AJ Namo өз коллекциясын тартуулады

Рим келишиминин 60 жылдыгына карата Бухаресттеги митинг

Россия президенти Владимир Путин уюл учкучтарынын мөңгүсүндөгү үңкүргө барды

Парагвайдын борбору Асунсьон шаарында нааразычылык акциялары өттү. Элдин кыжырына президенттин экинчи мөөнөткө калуусу боюнча чыккан мыйзам долбоору тийди. Митингде 28 адам жаракат алды

Австралияда "Дебби" бороону эки адамдын өмүрүн кыйды

Байкал көлүндөгү парус спорту боюнча мелдештин катышуучулары

Хельсинкиде өтүп жаткан муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө биринчилигинде Германиянын спортчулары Алена Савченко менен Бруно Массо

Токиодо айбанаттарга зарыл буюм-тайымдардын Interpets Asia Pacific деп аталган жарманкеси ачылды

Нидерланды мамлекетинин Утрехт шаарындагы гүл фестивалына даярданып жаткан модель кыздар

Жаңы зеландиялык Пири Шаша аттуу профессор Кытайдын премьер-министр Ли Кэцянга маори элинин учурашуу салтын көрсөтүп жатат

Бали аралында 17ден 30 жашка чейинки, турмуш кура элек кыз-жигиттер катышкан өбүшүү фестивалы өттү. Шарт боюнча өбүшүп жаткан кыз-жигиттин демин суутуш үчүн тегеректеги эл аларга муздак суу чачат

Непал аскеринин жоокери Катмандудагы ат оюндарынын фестивалында чеберчилигин көрсөтүүдө

Nissan Gripz унаасынын бет ачарындагы моделдер

Португалиянын Мадейра аймагындагы аэропортко футболчу Криштиану Роналдунун аты берилди

Франциялык сүрөтчү Абрахам Пуаншваль Париждеги заманбап искусство борборунда атайын айнек камерага отуруп алып тооктун жумурткасын басмай болду. 21 күндөн 26 күнгө чейин созулган бул процессти ар бир каалоочу көрө алат
