Султан Өмүров: "Ак-Кула" ат майданы муниципалдык статуска ээ
"Ак-Кула" ат майданы убагында менчиктештирилип кеткен. Соттун чечиминин негизинде ал документтер мыйзамсыз деп табылды. Бул маселе шаардык прокуратура менен биргеликте каралганын Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүров билдирди.
"Убагында мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой ат майдан ачык акционердик коомго өтүп кеткен. Азыркы күндө кайрадан мамлекетке кайтарылып, муниципалдык статуска ээ болду", — деди Өмүров.
Ал билдиргендей жеңилген тарап Жогорку сотко кайрыларын айтканы менен атайын аракеттерди көрө элек.