БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футзалчылары Азия футбол конфедерациясынын (AFC) клубдук чемпионатына чакырыларын Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Биринчилик ушул жылдын жай айларында Вьетнамда өтөт. Ата мекендик футзалга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн кийин гана бул сыяктуу иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эми өлкөнүн мыкты командасы Азиянын күчтүү командалары менен күч сынаша алат.
Маалыматка караганда, аталган оюнга демөөрчүлөр тартылып, биринчилик теледен көрсөтүлө баштады. Ошондой эле командалардын саны көбөйүп, өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурулуп калды.