БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан — Макао футболдук оюнун Сириядан келген калыс Масуд Туфаели тейлейт. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Азия кубогу-2019 тандоо турунун алкагындагы оюн 28-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул кыргызстандык курама команданын 2016-жылдын март айынан берки алгачкы расмий беттеши болуп эсептелет.
Башкы арбитрдын жардамчылары Мазен Зазфон, Хусам Алхамад Алфри жана резервдеги арбитр Фераз Тафил болмокчу.
Оюнга билеттер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында 200 сомдон 500 сомго чейин сатылууда.
Ал эми Макаонун улуттук курама командасы Бишкек шаарына жекшемби күнү эртең менен келип, машыга баштады.