БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстан — Макао беттешүүсүнө карата "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү Эрмек Кененсаров менен Аким Карасаев катышкан промо-ролик тартышты.
Аталган видео федерациянын Youtube каналына жарыяланган. Азия кубогу-2019 мелдешинин квалификациялык турнири 28-мартта Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлөт.
Видеодо сценарий боюнча квнчилер чечинүүчү жайда футболчуларды оюн талаасындагы жеңишке үгүттөйт. Машыктыруучу кирери менен Кененсаров менен Карасаевди оюнга чыгууну талап кылат. Алар дароо үстүңкү кийимдерин чечип, бут кийим сурай башташат.
Кыргызстандын курама командасы бул квалификацияда Индия, Мьянма, Макао курамасына туш келди.