Кумарга баткан күйөрмандар: 4,5 миң билет сатылган көк бөрүгө 15 миңдей адам кирди

© Sputnik / Эмиль СадыровНооруз майрамына карата Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөт улуттук ат оюндарын көрүүгө келген шаар тургундары
Нооруз майрамына карата Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өткөт улуттук ат оюндарын көрүүгө келген шаар тургундары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талашта турган ипподромдо кечээ көк бөрүнүн көрүүчүлөрү сахнасынын башына чейин чыгып, үрөйдү учурган көрүнүш жаратты.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында улуттук ат оюндары өтүп, аны көрүүгө келген шаар тургундары ипподромдун сахнасына, темир тосмолорго, айланадагы бактарга чейин чыгып кеткени социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта нааразычылыктарды жаратты.

Мелдешти уюштурган "Көк-Бөрү" федерациясы кечээки башаламандыкка милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп болду деп эсептейт.

Зрители на ипподроме во время Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: "Ак-Кула" ат майданында темир аркага чыгып кеткендер жазаланат
"Ооба, биз оюндун уюштуруучусу катары баштан-аяк ага жооп беребиз. Бирок тартипти сактоо жагынан көзөмөл кылып бергиле деп ИИМден суранганбыз. Милиция кызматкерлери тартипти сактагандын ордуна эл менен кошо оюнду көрүп жатты. Негизи эле биз өткөргөн оюндарга келгендердин үчтөн бир бөлүгү гана билет менен киргендер болот. Мисалы, биз 500 билет саткан мелдеште 2 миң адам отурганын көрөсүң. Буга ипподромго кире турган тешиктердин көптүгү себеп. 200 сомдон билет сатылган оюндарга кайтарып тургандар 100 же 50 сомдон киргизип ийишет", — деп федерациянын аткаруучу директору Султан Мелис билдирди.

Ошондой эле ал Нооруз күнкү оюнга беш миң билет жасалса, анын 4,5 миңи гана сатылганын кошумчалады.

Ал эми Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы 21-март күнү ат майданында иштеген кызматкерлерге чара көрүлөр-көрүлбөсү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

Беш миңге жетпеген билет сатылган мелдешке 15 миңдин тегерегиндеги адам киргенин "Ак-Кула" ат майданынын директору Тынчтыкбек Акматбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Ипподромдо отура турган 2,5 миң кишилик орун бар, ал эми жалпысынан алганда трибунага алты миңдин тегерегинде адам батат. Кечээ 15 миңдей киши келди. Баса, ипподромдо канчалаган иш-чаралар өткөрүлгөнү менен бизге тиешелүү унаа токтотуучу жай жок", — деди директор.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги ат оюндары өткөрүлгөн ипподромдун трибунасын кеңейтүүгө шаар мэриясы менен соттошуу иштери тоскоол болуп келет.

Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тай казанга ыргытылган улактар. Көкбөрүчүлөрдүн кармашы
Эске салсак, ушул жылдын январь айында жергиликтүү ММКлар мурда 80 пайызы "Ак-Кула" акционердик коомуна, 20 пайызы Айыл чарба министрлигине таандык болгон ипподром Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөнүн жазып чыгышкан.

Бирок бүгүнкү күндө ат майданына ким жоопкер экени аягына чейин аныкталбай, иши сотто каралып жатканын мэриянын алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директору Ырысбек Мааткабылов белгиледи.

"1990-жылдардын башында ипподромду Айыл чарба институту менен "Ак-Кула" акционердик коомуна бөлүп берген токтомду Ленин райондук соту жокко чыгарды. Эми алар сот чечимине макулбу же шаардык сотко кайрылабы, азыр белгисиз. Мэриянын балансына толугу менен өткөрүп алсак ат майданын модернизациялайбыз. Анткени ал эчактан бери эле оңдоого муктаж. Эң биринчи трибуналарды кеңейтүү маселеси турат. Батыш жагын узартып, дааратканаларды көбөйтөбүз", — деди Мааткабылов.

Белгилей кетсек, "Ак-Кула" ат майданынын жалпы аянты 57,4 гектарды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0