Легендарлуу Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдык өмүрү. Сүрөттө калган ирмемдер
Легендарлуу Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдык өмүрү. Сүрөттө калган ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири, кыргыздын театр менен кино өнөрүнүн корифейи, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева көзү тирүү болгондо туптуура бир кылым жашап... 19.03.2017, Sputnik Кыргызстан
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири, кыргыздын театр менен кино өнөрүнүн корифейи, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева көзү тирүү болгондо туптуура бир кылым жашап, 100 жашка чыгат эле. Sputnik Кыргызстан юбилярдын урматына элге чыга эле архивдик сүрөттөрүн топтоп, окурмандарга сунуш кылмакчы.
Бул сүрөттө кыргыз кино өнөрүнүн менмендеген кыздары — Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова жана Жамал Сейдактматова турат. Кыязы, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов аларга менен кайсыл бир теманы кызуу талкуулап жаткан окшойт
Таасирдүү, түнөргөн ак булуттарга өңдөшүп турган образ. Сүрөттөн улуу актрисанын кирпик ирмемдерине чейин жеткире ойногон учурун байкоого болот. "Ак куулар конгон айдың көл" картинасы
Көрүүчүлөр жылуу сезимдер менен эстеген "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасы. Бул кыргыз кино өнөрүндөгү жеңил кабыл алынган, бирок, салмагы ат көтөргүс тасмалардын бири
Сабира Күмүшалиева өзгөчө жаз майрамдарын — 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн, 19-март - өзүнүн туулган күнүн, 21-март – Ноорузду, анан да 27-март - Театр күнүн чыдамсыздык менен күтчү дешет...
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева
Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Бул эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн
Күмүшалиева 73 жылдан ашык театр, кинодо жаатында эмгектенген. Бул мезгил аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Улуу артистка 90 жашында 2007-жылы сентябрь айында дүйнө салган.