БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бөкөнбай Казаков Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Буга чейин Башкы прокурордун орун басарлык кызматын Людмила Усманова аркалап келген.