Аблязов боюнча алгачкы соттук угуулар эртең башталат

© Sputnik / Владимир Третьяков / Медиабанкка өтүүЭкс-глава совета директоров БТА Банка Мухтар Аблязов
Экс-глава совета директоров БТА Банка Мухтар Аблязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматыда БТА Банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязов жана анын жардамчыларына карата козголгон кылмыш иши райондор аралык сотто каралат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Казакстандагы БТА Банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязов жана анын жардамчылдарына козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуулар райондор аралык соттунда 17-мартта каралат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги шаардык соттун маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Ак үйдүн тосмосун сүзүп кирүүгө аракет кылган жүк ташуучу автоунаа - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынан "Ата-Бейитке" чейин — революция жана анын кесепеттери
Алматы шаарынын прокуратурасы бир нече иликтөөлөрдөн кийин БТА Банктын мурдагы ээси Мухтар Аблязов жана банктын топ-менеджментине карата коюлган айыптар аныкталганын март айынын башында билдирип, иш сотко өткөнүн маалымдады.

Аблязов кылмыштуу топ түзүп, банктан уурдалган каражаттарын адалдоого жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Казакстандын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча улуттук бюросунун маалыматы боюнча келтирилген зыяндын жалпы суммасы 7,5 миллиард доллардан ашкан.

"17-мартта Аблязов жана анын жардамчыларына карата алдын ала соттук угуу өтөт", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, февраль айында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Аблязовго жана анын жардамчыларына козголгон кылмыш иши боюнча жаңы далилдер бар экенин айтып, ушуга байланыштуу алар суракка чакырылган

Эшиктеги кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Текебаевдин адвокатынын мүлкүн камакка алды
Мухтар Аблязовго Россияда, Казакстанда жана Украинада кылмыш иши козголгон, бирок аны Парижден экстрадициялоону Россия менен Украина гана талап кылууда. Ал эми Астана менен Париждин ортосунда кылмышка шектелген жарандарды эсктрадициялоо боюнча келишим болбогондуктан Казакстан аны талап кыла албай келет.

Экс-банкирге алдамчылык, көз боёмочулук, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу делген бир катар айыптар тагылган.

Аблязовго каршы иш 2009-жылы кылмыш козголгон.

Белгилей кетсек, Аблязов 2005-жылы Кыргызстанда болгон революцияларды каржылаганын Франциянын Liberation басылмасына берген маегинде маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0