БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугуп, андан соң маалымат жыйын өткөрүштү.
Россия Кыргызстандан чыккан товарга кызыкдар
РФ президенти Владимир Путин Россия Кыргызстан менен Тажикстандан чыккан товарга кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, Россиянын мурунку мамилелеш өлкөлөрүнүн продукциясына караганда аталган эки мамлекеттен өндүрүлгөн товар арзан жана бир топ сапаттуу келет. Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалары өнүгүү жолунда экенин айтып, биримдиктин ичиндеги пикир келишпестиктерге да токтолуп өттү.
"Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коеру маалым. Учурда Белоруссия менен түшүнбөстүктөр болуп жатат. Биз аларга Кыргызстанга караганда көбүрөөк жардам беребиз", — деди Путин.
Ал Кыргызстан менен Россия соода көлөмүнүн төмөндөшүн биргеликте чече турганын белгиледи. Путиндин айтымында, эки өлкө аталган көйгөйдү чечүү үчүн бир катар иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчы. Ал эми Алмазбек Атамбаев жыл аягына чейин Кыргызстанга байланыштуу маселелердин баары чечилерине ишеним артты.
Өлкө башчы март айынын башында Кыргызстанга ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери келерин белгиледи. Өз кезегинде Путин тоскоолдуктардын жоюлушу менен республика бир катар ийгиилктерге жетишкенин, ИДП менен өнөр жай өндүрүшү өскөнүн айтып өттү.
Кыргызстанга салынган инвестиция жана мамлекеттик карызды кечүү
Путин Россия 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ, унаа тармагына 100 миллиард рубль сала турганын билдирди. Анын айтымында, натыйжада калктын газ менен камсыздалышы 22 пайыздан 60ка чейин жогорулайт. Былтыр Кыргызстанга миллион тоннадан ашуун нефть продукциясы алып келинген. Муну менен бирге Путин Россия республикага 225 миллион долларлык грант менен жардам бергенин жана мамлекеттик карызды кечкенин белгиледи.
"Мамлекеттик карызды акырындык менен кечебиз. Бул өлкөнүн финансылык системасына басымды азайтып, каражатты маанилүү программаларга жумшоого шарт түзүлөт", — деди Путин.
Канттагы ЖККУ авиабазасынын тагдыры
"Ошол учурдагы бийлик башчылары өлкө аймагына аскер контингентин, биринчи кезекте авиация жайгаштырууну суранды. Кыргызстан аскердик кубатын тийиштүү деңгээлде чыңдап, авиабазага муктаждыгы жок экенин айткан күнү биз республикадан чыгып кетүүгө даярбыз. Биз үчүн бул авиабазанын зарылдыгы жок. Аны кармап туруу кошумча чыгым экенин эскерте кетким келет", — деди Путин.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы
Кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев айтты. Эки мамлекет Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.
"Биз бүгүн экономика, коопсуздук тууралуу баарлашып, дээрлик бардык маселе боюнча бир пикирге келдик. Эл аралык маселелер боюнча да көз караштарыбыз бирдей болуп чыкты", — деди Путин.
Муну менен бирге Россиянын Кыргызстанга чек араны бекемдөө жана фитосанитардык, ветеринардык көзөмөлдү жакшыртууга 200 миллион доллар бөлгөнү белгиленди.