БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путинди эл аралык "Манас" аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп аларын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Россиянын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келүүдө. Ал Бишкекке саат 13:30да келип конору айтылды.
Иш сапардын алкагында Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Андан тышкары, биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташуу маселелери ортого салынат.