БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бир күндүн ичинде паспорт жасатуу кызматынын акысы арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн 10-январдагы токтомунун негизинде жарандар үч сааттын ичинде ID-карт же жалпы жарандык паспортторту ала алышат.
Аталган кызмат көрсөтүү Бишкек шаарында үч саат аралыгында жүргүзүлөт. Ал эми Чүй облусунун райондорунда паспорттор сегиз саат ичинде жасалат. Анда жарандар ID паспортту 4455 сомго, ал эми жалпы жарандык паспортту 5165 сомго ала алышат.
Эске сала кетсек, бул кызматтар буга чейин 6000 сомдон 6500 сомго чейин аткарылып келген.