Ата-бабадан сакталып калган салттын түпкү маанисин жана улуу мурастын унутулбай уланып келе жаткан себебин Sputnik Кыргызстан иликтеп көрдү.
Отко киргизүү деген эмне?
Тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановдун айтымында, жаңы келген келинди жолдошунун ага-туугандары, кошуна-колоң, өкүл ата, апалары жана ата-энесинин жакын санаалаштары үйлөрүнө чакырып, даам сыздырып, андан аркы алака-байланышка жол ачылган.
"Жаңы келген келин күйөөсүнүн туугандарына же кошунасынын үйүнө өз алдынча кирип бара алган эмес. Мындан улам келинди үйүнө чакырып өз шартын жасагандан кийин гана ал үйгө барып кызмат кылып же конокко бара алган", — деди тарыхчы Асанканов.
Анын айтымында, отко киргизүү деп аталып калышынын да себеби бар.
Дагы бир тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин отко киргизүү салтын жаш жубайларга алардын андан аркы жашоосун ийгиликтер коштосун деген ниет менен бата берүүнүн өтө оригиналдуу жолу деп эсептейт.
"Отко киргизүү жөрөлгөсүнөн соң келин чакырылган үйүнө ээн-эркин каттай алат. Бул — жаш үй-бүлөнү бекемдөө максатындагы байыркы теңирчилик доорунан, отко табынган кезден калган жөрөлгө деп саналган", — деди Тынчтыкбек Чоротегин.
Этнограф менен тарыхчылар отко киргизүүнүн өзүнүн жол-жобосу бар экенин айтып, аларды тизмектеп беришти.
Отко киргизүү салтында сакталган эрежелер
- Отко киргизүүдө жаңы үйлөнгөндөр сөзсүз түрдө баланын апасы менен келиши керек. Эгер апасы бара албай калса, жеңеси менен баруу шарт болгон;
- Отко киргизип чакырган үйгө жаңы келин жүгүнүп кирүүсү керек;
- Келин төргө өтпөй ошол үйдүн келини катары ийменип чай куят, тамак-ашка жардамдашат;
- Үй ээси уул-келинге бата берип, идиш-аяк, кийим-кече ыроолойт;
- Отко киргизип чакырганда айрым аймактарда үйгө ак килем же ак төшөнчө салып коет. Бул келинди акжолтой болсун деген маанини түшүндүрөт;
- Айрым аймактарда жаңы келинди отко киргизгенде арчалайт. Муну менен ырыскылуу, жакшылыкты алып келген келин болсун деп алкашкан.
Отко киргизүү жөрөлгөсүнүн бүгүнкү күндөгү орду
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева отко киргизүү каадасы бүгүнкү күндө да унутта калбай ата-салтынын уланып келе жатканын айтып, бул салтты турмушунда колдонуп келерин кошумчалады.
"Отко киргизүү чоң философияга ээ каадалардын бири. Мен өзүм үйгө отко өкүл балдар, кыздарымды, туугандарымдын балдарын чакырам. Отко киргизүүдө ар бир жакта ар түрдүү ырым-жырымдар жасалат. Мисалы, мен өзүм түштүк тараптан болгондуктан биз жакта жаңы үйлөнгөндөрдү отко киргизип чакырганда ак килем салабыз. Колуман келген дасторконду жайып аларга ак батабызды берип, кетээрде бир нерсе ырымдайбыз", — деди депутат айым.
Ал эми жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар Бекболот Сыдыков менен Нуржамал Жумалиева үйлөнгөндөрүнө эки айдан ашса дагы отко киргизип чакыргандардын аягы суюла электигин белгилешти.
Келин келгенден белгилүү убакыт өткөндө кийин өзүнүн ата-энесиникине барышы төркүлөө деп аталат. Кыз төркүлөгөндө түз эле өзү кирип барбай, күйөөсү, кайната-кайненеси менен белгилүү ырым-жырымдарды жасап, шаан-шөкөт менен барат. Бул күйөө баланын отко кириши болот.