БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы күнөсканалар оңдоп-түзөлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы союз учурунда курулган күнөсканаларды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү ишин улантууда. Учурда эки күнөскананын жылытуу системасын автоматташтыруу, жарыктандыруу жана вентиляция иштери аяктады.
Андан сырткары, дагы эки күнөскананын сугаруу жана жылытуу жабдыктарын оңдоо иштери башталды.
Мындай аракеттер муниципалдык ишкананын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, чыгымдарды азайтуу максатында көрүлүүдө.