Эржигитов: паспортту бир күндө жасатуу кызматы Бишкек менен Чүйдө жеткиликтүү
Паспортту бир күндүн ичинде жасатуу кызматы Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундарына жеткиликтүү экендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Мындан ары жарандар паспортту Бишкекте үч саатта, Чүй облусунун аймагында сегиз саатка чейин жасата алат. Салыктарды жана банк кызматынын акысын кошкондо ID-карт — 4590, жалпы жарандык паспорт – 5500 сом болот. Бишкектин ичинде эки калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот", — деди Эржигитов.
Анын айтымында, бул кызматтар Чүй жана Бишкекте гана жеткиликтүү. Паспорт чыгаруучу мекеме Бишкекте жайгашкандыктан, азырынча бул кызматты аталган аймактын тургундары гана пайдалана алат.