Жазында памирлик кыргыздардын айрымдары Кыргызстанга көчүрүлүп келмей болду

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииПамирлик кыргыздар. Архив
Памирлик кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НовостиTelegram
Учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Алардын көпчүлүгүн эркектер түзсө, үчтөн бир бөлүгү аялдар. Этникалык кыргыздарга төрт жолу атайын экспедиция барып, гуманитардык жардамдар жиберилген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Памирлик кыргыздардын айрымдары апрель-май айларынан тарта Кыргызстанга алып келине баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына памирлик кыргыздар өлкөнүн кайсы жерине жайгаштырылары жана документ маселеси кантип чечилери тууралуу маек куруп берди.

— Памирдеги боордошторду алып келүү иш-чарасы тууралуу айтып өтсөңүз?

— Ушул жылдын апрель-май айларынан тарта Улуу жана Кичи Памирде жашаган, тактап айтсак Афганистандын Бадахшан аймагындагы жети жаштан 30 жашка чейинки 30 адамды Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүрүп жатат. Балдардын көпчүлүгү бул жакка билим алуу максатында келишет.

— Ата-энелери келбейби?

Вандык кыргыздар: жергиликтүү түрк эли менен куда-сөөк болуп калдык
— Өткөн жылдары атайын топтун Афганистанга болгон расмий иш сапарынан кийин мектеп курагындагы жаш балдарды алып келип, Кыргызстандан окутуу демилгеси көтөрүлгөн. Андан кийин аларга жоопкерчиликтүү ата-энелери дагы келиши шарт деген чечим кабыл алынган. Анткени бул жактан аларга баш-көз болуп жоопкерчилигин бирөө алышы керек да. Учурда бул жакка келүүгө алты үй-бүлө даяр экендигин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Келе тургандардын саны дагы да өсүшү ыктымал.

— Чек арадан өткөрүүдө документ жагынан көйгөй жаралбайбы?

— Памирлик кыргыздардын таскира деп аталган ички паспорту бар. Аны менен Афганистандын ичинде гана жүрө алышат. Бул жакка келчү балдардын баарынын таскирасы бар экен. Ал эми чет жакка чыгууга документ керек болгондуктан, аларды даярдоо үчүн Файзабад деген шаарга барышат. Азыр ал жакка жол жабык болгондуктан документтерди бүтүрүү иштери кармалып жатат. Бул иштер толук бүтөөрү менен май айларында буюрса келип калышат.

— Кайсы жакка жайгаштырууну пландап жатасыздар?

— Памир тоолуу аймак болгондуктан аларды дароо Бишкекке жайгаштыруу болбойт. Анткени алар деңиз деңгээлинен 4,5 миң чакырым бийиктикке жашап көнүп калган. Биздин климат ден соолуктарына кедерги тийгизип коюшу ыктымал. Мындан улам өкмөт Чоң-Алайга жайгаштырууну пландап жатат.

— Аларды окутуу маселеси кандай болот?

Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу - Sputnik Кыргызстан
Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу
— Азыр билим берүү министрлиги да бул маселени карап жатат. Аларга өзүнчө программа даярдашабы же топ-топторго бөлүп окутушабы, айтор кайсы окуу жайда билим ала тургандыктарын министрлик карап жатат.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде 8 айыл, 208 кожолук бар, анда 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет.

Буга чейин Памирге төрт жолу экспедиция жиберилип, гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн.

2014-жылдан тарта иштей баштаган Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен Памир кыргыздарынын 80 пайызы афган паспортуна ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0