БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кар көчкү эки үйдү басып калганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бүгүн таңкы 05:30дар чамасында кар көчкү түшүп, натыйжасында эки турак үйдү басып калды. Жергиликтүү тургундар тарабынан биринчи үйдөн алты адам куткарылды. Ал эми экинчи үйдө жашаган жети адамдын бешөө чыгарылып, эки жаш бала дайысыз болууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев башында турган ыкчам топ окуя катталган жерге чыгып кетти. Куткаруу иштерине ӨКМдин 30дан ашуун куткаруучусу тартылды.
Ошондой эле министр Боронов буйругу менен Ош облусунун бириккен кампасынан гуманитардык жардам бөлүнүп, Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылына жөнөтүлдү.