БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Укук коргоо органдарына “Космопарк” көңүл ачуучу жайына бомба коюлганы тууралуу билдирүү жасаган адам аныкталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.
Имаратка жардыруучу түзүлүш коюлганы жөнүндө маалымат милицияга болжол менен саат 19.20ларда түшкөн. Эл эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. Айтылган жерде саперлор иш алып барган. Кийинчерээк жеринде иштеген адистер бомбанын жоктугун аныкташкан.
Маалыматка ылайык, жардыруучу түзүлүш бар экенин жигит билдирген.
“Ага имаратка бомба коюлганы тууралуу сүйлөшүп жаткан эки адамдын кебин угуп калган сүйлөшкөн кызы айтыптыр”, — дешти милициядан.
Укук коргоо органдары учурда тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын белгилешти.