БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында бир аз кар себелеши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактарга туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы —3…-5 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында түнкүсүн 5 градус суук, күндүз 2 градус жылуу болот. Ошто түнкүсүн 3 градус суук болсо, күндүз 5 градуска чейин жылыйт.