БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Түркия тарап менен авиакырсыктын чыгымдарын төлөө боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев 16-январдагы авиакырсыктын келип чыгуу себебин изилдеген өкмөттүк комиссиянын кезектегин өтурумун өткөрдү.
Жыйында үй-жайсыз калган 12 үй бүлө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда убактылуу турак-жай менен камсыздалгандыгы айтылды.
Ошондой эле биринчи вице-премьер жарандар тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине түшкөн 82 миллион 920 миң 233 сомдун максаттуу пайдаланылышын өкмөт көзөмөлдөй тургандыгын белгиледи.