БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бельгияга бара турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.
Анын айтымына караганда, иш сапар февраль айынын орто ченине пландалып жатат. Учурда жумушчу сапардын программасы иштелүүдө.
Атамбаев Бельгияга 2015-жылы Европага болгон сапарынын алкагында барган. Мындан тышкары, Австрия, Швейцария, Франция жана Германия мамлекеттеринде болгон.