00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык хирург африкалыктарды кантип дарылап жатканын айтып берди

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация по удалению злокачественной опухоли
Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах Эфиопияга эмне себептен кетип калганын жана африкалыктар менен кыргызстандыктардын окшош жактары тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова билип көрдү.

Эфиопияда интернет жай болгону маселе жаратат. Буга байланыштуу Билгун менен болгон маек дээрлик бир суткага созулду. 

© Фото / Билгуун БадрахБишкектик дарыгер Билгун Бадрах
Бишкекский врач Билгуун Бадрах в Эфиопии - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах

— Африкага барып калышыңызга эмне себеп болду? Ал жакта эмне менен алектенип жүрөсүз?

— Мен улуттук госпиталда иштечүмүн. Эң мыкты хирургдардын бири болгон Алымкадыр Бейшеналиевдин метебинен өткөм. Андан кийин окуу жайга келип хирургия боюнча сабак берип жүрдүм. Мен кичине кезимден тарта Кызыл жарым ай коомунда иштөөнү эңсечүмүн. Уюм тууралуу берүүлөрдү көрүп маалымат алып турчумун. Башка студенттердей эле чет мамлекетке барып тажрыйбадан өтөөнү каалап англис тилин үйрөндүм.

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
Тилди жакшы өздөштүрүп алгандан кийин Коргоо министрлигинин программасы аркылуу Африкага аскер дарыгери катары кетүүгө аракет жасай баштадым. Жаштын тилегин берет дегендей, бир күнү мектеп кездеги досум социалдык тармак аркылуу мени таап алды. Ал Африкада бир жарым жылдан бери иштеп жүрүптүр. Ошол досум Россиянын Кызыл жарым ай коомунун программасы аркылуу Эфиопияга барса болорун айтты. Мен тиешелүү документтердин бардыгын чогултуп жөнөттүм. Ал жактагы ооруканага мен сыяктуу адис керек болуп жаткан экен. Ошентип Африкага учуп кеттим. Келгениме төрт ай болду.

Учурда ыкчам хирургия бөлүмүндө иштейм. Бирок травматология боюнча бейтаптарды дагы кабыл алам. Бул жакта балдар жана чоңдор хирургиясы жок. Тажрыйбаны комплекстүү аласың. Эгер сен карабай турган бейтап кайрылса ага так диагноз коюп анан гана тиешелүү адистерге жиберүүгө туура келет. Эреже ушундай.

— Тажрыйбаңызда оозду ачырган окуялар болду беле?

— Ооба, болгондо да бир эле жолу эмес. Бирок акырындык менен мындайга да көнөсүң. Көпчүлүк жергиликтүү бейтаптар күйүк менен кайрылышат. Электр тармагында иштегендер коопсуздук каражаттарын колдонушпайт. Керек болсо колдоруна кол кап дагы кийип алышпайт. Бийиктиктен кулап кеткендер да бар. Мындан тышкары, шаарда жол чырактар дагы иштебегендиктен жол кырсыктары көп катталат.

© Фото / предоставлено Билгуун БадрахомБишкектик дарыгер Билгун Бадрах
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах
© Фото / предоставлено Билгуун БадрахомБишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда
© Фото / предоставлено Билгуун БадрахомБишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда
1/3
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах
2/3
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда
3/3
Бишкектик дарыгер Билгун Бадрах кесиптештери менен операцияда

— Бул өлкөдө сизди эң алгач таң калтырган нерсе эмне болду?

— Калк. Борбор калаа Аддис-Абебеде 100 миллионго жакын адам жашайт. Байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма аябай эле билинип турат. Көпчүлүк үй-бүлөсү менен көчөдө жашайт. Жергиликтүү калктын чет элдиктерге болгон реакциясы дагы таң калтырат. Көчөдө кетип баратканда "фрэнч" деген сөздү көп угам. Бул сөз "ак адам" дегенди туюнтат экен. Жаратылышы дагы өзгөчө. Климаты биздикинен кескин айырмаланат.

— Эфиопиядагы жашоо деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу кандай экен?

— Бардык жагынан артта калгандай сезилип жатат.

— Суу көйгөйү болсо керек?

— Суунун жетишсиздиги байкалбайт деле. Албетте даамы мен көнгөн сууга окшош эмес. Сууну сатып алууга туура келет. Ал эми крандан чыккан сууну ичкенге болбойт. Бирок муну чоң көйгөй деп атабайт элем. Даамдуу суусундуктар көп. Кыскасы тамагың кургап өлбөйсүң.

— Кыргыздар эфиоптордон эмнеси менен айырмаланып, кайсы жактары окшош?

— Айырма өтө деле чоң эмес. Эфиопиялыктар меймандос келип, бизге окшоп майрамдарды жакшы көрүшөт. Анан чоң патриот дагы болушат.

IX международный конкурс изобретателей в Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков дүйнөлүк ойлоп табуучулар сынагында 5 күмүш медаль алды
— Өлкө ичин кыдыруу кооптуу эмеспи?

— Бирөө коштоп жүрбөсө кооптуу эле. Күндүз шаар ичин араласа болот. Бирок кечкисин тааныштардын жанында болуп же такыр эле үйдөн чыкпаш керек. Кээде жергиликтүү тургундар чоң муштумдугун көрсөтөт. Кызыгы бул жакта чаламандын чак түшүндө тоноп кетишет. Чөнтөкчүлөр абдан көп. Кудайга шүгүр мен ууруларга кабыла элекмин.

— Эфиопиялыктар дагы этти жакшы көрүшсө керек…

— Ооба, бизди окшоштурган дагы бир нерсе бул эт азыктарына болгон сүйүү. Кашык менен вилканын ордуна лаваш сымал жасалган жупканы колдонушат. Анын жардамы менен эт, жашылча жешет. Ичине ар нерсе салынган шаурма сыяктуу.

— Башка мамлекеттерге кетүү планыңызда барбы?

— Бириккен Араб Эмираттарына же Европага барсам дейм. Учурда тажрыйба топтоп жатам. Бул жакта ар бир төртүнчү жаран англис тилинде сүйлөй алат. Медициналык терминдердин англисчесин үйрөнүп жатам. Андан кийин медициналык кызмат көрсөтүү эң жогорку деңгээлде болгон өлкөлөрдө иштөөгө жол ачылат.

— Кыргызстандагы башка медиктер Африкага кантип кете алышат?

— Программалар көп. Алардын бардыгы ачык. Тил үйрөнүү менен документтерди такташ керек. Жакшы окуу менен бирге тажрыйба дагы мыкты болуш керек. Иште тажрыйба абдан маанилүү, башка дарыгерлерден үйрөнүш керек. Бардык нерсе өзүбүздүн эле колубузда.

Жаңылыктар түрмөгү
0