Шаардык перинаталдык борбордун акушер-гинекологу Наби Тагиев учурда төрөт иши менен эркектер алектенгени кадыресе эле көрүнүш экенин айтат. Ысымы өзгөчө экен деп ойлоп жатсаңыз, Наби агайдын улуту — азербайжан. Анын ишине, кыргыз тилине болгон мамилесин көрүп таң калбай кое албайсың.
— Наби агай, бүгүн канча бөбөктүн жарык дүйнөгө келишине себепкер болдуңуз?
— Эртең менен бир келин келген, төрөтү оңой болгон жок. Баласы жамбашы менен келип калыптыр. Бирок аман-эсен 3кг 350 гр салмактагы кыз төрөп алды.
— Бала башынан төрөлөт деп койчу беле?
— Негизи ошондой төрөлүшү керек эле. Боюнда бар кезде суусу аз же көп болсо баланын киндиги оролуп калып туура эмес жатып калат. Эгер салмагы чоң болбосо, эненин ден-соолугу ооруга туруштук берсе табигый жол менен эле төрөтөбүз.
— Бизде төрөт кызматын көбүнчө айымдар аркалайт эмеспи. Анан эркек дарыгер төрөтөт дегенди уккан энелер чочушпайбы?
Эми жоолукчандар болсо кеп башка. Алар көп учурда биздин кызматты түшүнүү менен кабыл алышпайт. Андай учурда кыйнабайбыз деле. Каалаган дарыгери келип төрөтүн кабыл ала берет.
— Болжолдуу түрдө иш практикаңызда канча айымды төрөттүм деп ойлойсуз?
— Отуз жети жылдан бери иштеп келе жатам. Бир кичинекей шаарча чыгат.
— Анда кызыктуу учурлар көп болсо керек?
— Андайлар күн сайын болот. Маалы менен жума ичинде түндөп нөөмөткө турабыз. Оорчулуктар болуп кетсе бизди түнү менен чакыртышат. Кызыктын баары ошондо башталат… Кансырап келгени, эси ооп келгени, кан басымы жогорулап түз эле ресторандан келгендери бар.
Боюнда барлардын кыялы дагы оор болот. Бирөө күйөөсүнө, апасына, бизге чейин эркелешет. Төрөт оңой нерсе эмес, дененин баары зыркырап ооруйт. Айрымдарына дары сайсаң дагы чыдашпайт. Анан туугандары бизди келип урушуп-сөгүп да жиберишет. Бирок, кудайга шүгүр, кайра келип кечирим сурашат. Ортодо түшүнүү болуш керек деп ойлойм.
— Төрөт учурунда өлүм-житимдер дагы болбой койбосо керек?
Мындай окуяларды чындыгында эстеш абдан оор. Тезинен эсиңден чыгып кетсе экен дейсиң. Кээде операция кылып жатканда эмне кылаарыңды билбей "оо кудай, абалдан чыкканга жардам бере көр, эми эмне кылам" деп жалбарасың. Сенин жоопкерчилигиңде бир эмес, эки адамдын өмүрү турганда оюңа түрдүү нерселер келет. Кокус бир нерсе болуп кетсе биз үчүн да орду толгус жоготуу болот.
— Өспүрүмдөрдүн төрөтү бир топ кыйынчылык жаратса керек?
— Илгери биздин энелер жаш кезинде эле төрөчү. Азыр 18 жашынан баштап төрөсө нормалдуу болот. 15-16 жаш кезинде баланы көтөрө алышпайт, боюнан түшүп калат же ден-соолукка олуттуу зыян алып келет. Жашы өткөн аялдардын дагы төрөтү кооптуу болот.
— Канча жашка чейин төрөсө болот?
— Кырк жашында биринчи перзентин көргөндөр бар. Биздин тартип боюнча 45 жашка чейин эле болот.
— Бейтапкана ичинде канчаны төрөтүп рекорд койгонсуздар?
— Былтыр биздин төрөт үйдө 65 бала жарыкка келген. Күнүнө орточо эсеп менен 20-25 ымыркайды төрөтөбүз. Өзүм күнүнө үч-төрттөн келин кабыл алам. Негизи жатын моюнчасынын ачылышын күтөбүз. Бир жылдык жыйынтык боюнча төрөттүн 14 пайызы кесарева жолу менен жасалат. Бул жакшы көрсөткүч.
— Азыркы учур менен илгерки төрөттү салыштыра кетсеңиз. Айырмачылыгы кандай эле, андан бери эмнелер өзгөрдү?
— 1991-жылга чейин төрөттүн саны кудайга шүгүр эле болчу. Ал убакта аялдардын атайын кеңешмеси иштегендиктен көзөмөл жакшы эле. Совет мезгили ураганда аябай кыйналдык. Жашоо-шартка байланыштуу ден-соолукту деле унутуп койдук. Тамак-аш таап курсак тойгузуш керек деп жүрүп көбү нерв ооруларына, аз кандуулукка дуушар болушту. Азыр эми энелер үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат. Кааласа бекер, кааласа акы төлөнүүчү бейтапканаларга барып төрөсө болот.
— Азыр суунун ичинде төрөгөндөр мода болуп кетти, сиздин көз карашыңыз кандай?
— Кесарева жолу менен төрөлгөн бала дагы кыйкырбай калат деп айтышат экен?
— Ал учурда деле үн чыгарат. Азыр бизде эненин бел жагына сайылуучу анезтезиялык уколдор бар. Бул учурда эне баласынын төрөлүшүн өзү көрө алат. Азыр төрөткө күйөөлөрү да катышып жүрөт. Мындайда жубайы үчүн моралдык жана физикалык жактан колдоо болсо, биз үчүн да пайдалуу жактары бар. Анткени "жакшы карабай койду", "баланы алмаштырды", "уурдап кетти" деген сөздөн алыс болобуз.
— Аборт кылгандар да келишсе керек…
— Колуман келет, бирок андай ишти жасабайм. Аборт — бул физиологиянын түзүлүшүнө зыян келтирүү, өзүнө кол салуу. Дин жагынан алганда дагы туура эмес. Медициналык көрсөтмөсү алдырганга туура келип жасаттырып жатса бир жөн. Анан бөөдө жерден эле баладан баш тартам дегендерди колдобойм.
— Эмне себептен медицинанын гинеколог-акушер жагын тандап алгансыз?
— Акушерликти тандап алганымды кокустук катары түшүнөм. Хирург болоюн деп жүргөм, анан окууну бүтөөргө чукул бул тармакка кызыгып кеттим. Эки уулум дагы медицина кызматкерлери. Бирок акушерликти тандаткан жокмун. Бири — уролог, экинчиси — стоматолог.
— Балдарыңызды дагы өзүңүз төрөткөнсүзбү?
— Жок.
— Эмнеге? Балдарыңызды өзүңүз төрөтсөңүз жубайыңыз үчүн жеңил болсо керек деп ойлоп жатпаймынбы?
— Тескерисинче, жакындарыңды дарылоо, операция кылуу, төрөтүү абдан оор. Жубайымдын төрөтүн кесиптештериме тапшырып, жанына да турбай сыртка чыгып кеткем.
— Наби агай, атыңыз өзгөчө экен?