БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ош шаарында эл көп өткөн көчөлөргө асма көпүрө куруу долбоорун шаардык кеңештин депутаты Алимжан Байгазаков демилгелеп чыкты. Эгер сунуш жүзөгө ашса шаардагы унаа тыгыны 70-80 пайызга кыскарат деп болжолдонууда.
Коомдук талкууга коюлган мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан демилгеленген эскиздик долбоор боюнча асма көпүрөнүн чар тарабы ачык айлана формасында болсо, ал эми коомдук талкууга коюлган депутаттын долбоорунда көпүрө төрт бурчтуу келип, тегереги курчалып, чыгып-түшүү үчүн эскалатор коюлат.



Унаа тыгынынан арылууну көздөгөн бул долбоор качан ишке ашып, канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын? Бул сууролорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.
Демилгечи депутат Алимжан Байгазаков асма көпүрөнү куруу үчүн шаардык бюджеттин чама-чаркы жетерин айтат.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов асма көпүрө куруу долбоору 2015-жылы эле мэрия тарабынан көтөрүлүп каражат маселесинен улам ишке ашпай келгенин айтат.
— Бул боюнча 2015-жылдан бери эле мэриянын алдындагы Жол башкармалыгы иштеп жатат. Жер астынан алып өтүү боюнча караганыбызда коммуникациялар тоскоолдук жаратары аныкталып, асма көпүрө курууга токтолгонбуз. Ага троллейбустук линиялар маселе жаратууда. Долбоор каражаттан көз каранды болуп жатат. Эгер каржы жагы чечилсе быйыл курулуп бүтүп калышы мүмкүн. Жол башкармалыгынан тышкары, кытайлык бир компания менен да сүйлөшүүлөр болгон, алар да жакында долбоорун алып келет.