Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алимжан Байгазаков: Ошко жөө адамдар өтүүчү асма көпүрө куруу керек

© Фото / секретариат фракции "Бир Бол"Ош шаардык кеңештин депутаты Алимжан Байгазаковдун архивдик сүрөтү
Ош шаардык кеңештин депутаты Алимжан Байгазаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер долбоор ишке ашса шаардагы унаа тыгын 70-80 пайызга кыскарат.
Алимжан Байгазаков: Ошко жөө адамдар өтүүчү асма көпүрө куруу керек

Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун жаңы аэропорту Мады менен Отуз-Адырдын аймагына курулмай болду
Ош шаарындагы унаа тыгыны көп катталган көчөлөргө жөө адамдар өтүүчү асма көпүрөлөрдү куруу боюнча долбоорду шаардык кеңештин депутаты Алимжан Байгазаков демилгелеп чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине депутат өзү билдирди.

Депутаттын айтымында, эгер долбоор ишке аша турган болсо шаардагы унаа тыгындар 70-80 пайызга кыскарат.

"Өтмөктү жер алдынан курабыз десек, бир топ эле кымбат түшүп калат экен. Эгер асма көпүрө кура турган болсок болжол менен 15-20 миллион сом керектелет. Учурда унаа тыгыны көп катталган Масалиев — Навои жана Курманжан датка — Айтиев көчөлөрүнүн кесилишине көпүрө куруу сунушун карап чыгып мэрияга жибердик" — деди Байгазаков.

Ошондой эле депутат көпүрө курууга кеткен каражатты шаардык бюджеттен алууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0