БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту отургуч сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мемлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аба майданы отургучтар үчүн 9 миллион 450 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 20-январда жарыяланып, мөөнөтү 10-февралда аяктайт.