БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургундары эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айылдын эки тургуну 16-январда балык улоого чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келген эмес.
Эртеси, 17-январда, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок андан натыйжа чыккан жок.