Манас баатыр өлгөндө "карагай ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап", бүт кыргыз бетин көз жаш менен жууду эле. Кечээ да ошондой болду. Бүт кыргыз ыйлады. Ыйдан башка эч нерсе кыла албай турдук. Учак кырсыгынан адегенде жети, он алты, жыйырма, анан жыйырма сегиз, анын кыркка чукулдады деп улам өлгөндөрдүн саны көбөйгөн сайын жүрөгүбүз эңшерилип, боорубуз эзилип, үнсүз-сөзсүз ыйлай бердик…
Уктап жаткандары уктаган бойдон, туруп кийинип жатканы ошол бойдон, басып жүргөнү басып бараткан бойдон, чайга отургандар колундагы чынысы оозуна жетпеген бойдон… дагы башкасы башка бойдон асмандан ажал болуп түшкөн оор учактын алдында кала берди…
Ала-Тоо ыйлап жатат… Сулайман-Тоо ыйлап жатат… Манас-Атанын ак кар, көк музу ыйлап жатат… Ысык-Көл мелтиреп шырп алдырбай ыйлап жатат…
Ый… Ый…
Бөксөрдү. Жалпы кыргыз бөксөрдү. Күтпөгөн жерден кырсык келди…
Дачада жашагандар эптеп күн өткөрүп жаткандар эле. Айылдардан оокат издеп агылып келгендердин эң эле ирдене албай жаткандары эле. Азырынча ушул жерде жашап турсак, жазга…, жайга…, күзгө…, кийинки жылга жетсек, шаардан үй алабыз деп үмүт менен күн көрүп жаткандар эле… Россияга, Казакстанга барып иштеп келип, акча таап, үй алсак, ага чейин балдарыбыз ушул жерде туруп турса дегендер эле…
Ошол үмүттөр, ошол тилектер талкаланды…
Кет Бука ырчынын муңдуу сөздөрү кайрадан жүрөк-жүлүндү тепчип өтөт:
Алтын боолуу ак шумкар
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш боолуу ак шумкар
Күмүш боосун тытыптыр,
Күндү карап сызыптыр…
Дал ошол Күн жактан, Ай жактан азыркы замандын техникасы кырсык болуп кулап келип, алтын боолуу ак шумкарлардын алтын боосун, күмүш боолуу ак шумкарлардын күмүш боосун тытып, бир боорлорубузду жер жаздантты, көз ирмемдеги ажал менен бет келтирди…
Учак бир аз ары кулаганда да үйлөрдү басып калмак эмес эле дешет…
Учак бир-эки саат кеч ушундай болгондо да адамдар жумушка, мектепке кетип, өлүм мынчалык көп болмок эмес эле дешет…
Күйөсүң… Ичиң өрттөнөт… Самолёт жарылгандай жарылып кете тургандай болосуң…
Эми кеч болуп калды деңизчи, бирок бул окуя дагы да болсо сабак болууга тийиш…
Ушундай адам жүрөгү көтөрө алгыс трагедияны көрүп туруп кайсы наамат ошол жерден бирөөлөрдүн буюмун көтөрүп чыгууга батынды экен?!
Элден айлансаң болот – социалдык түйүндөрдүн мүмкүнчүлүгү менен суук кабар дароо тарап, миңдеген адамдар жууркан-төшөгүн, тамак-ашын көтөрүп, акчаларын чогултушту, ата-энеси каза болгон балдарын багып алабыз деген ондогон үй-бүлөлөр камдуу турат. Мунун өзү да жүрөктөрдүн биримдигин, элибиздин кыйын күндө эч кимди ара жолго калтырып койбостугун далилдөөчү көрүнүштөрдөн…
Эми сабыр кылышыбыз керек… Жардам колубузду муктаждарга узатышыбыз зарыл жана коопсуздук тууралуу дагы да ойлонушубуз керек…