БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыйраган учактан улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Агы ылайык, президент жабыркагандарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүү боюнча буйрук берди.
"Өкмөткө кырсыкты тыкыр иликтөө жана анан кесепетинен улам жаралган кыйынчылыктарды жоюу талабы коюлду", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн конмок.
Учактын кыйрашы боюнча толук жана кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинен темасынан окусаңыз болот>>
"Манас" аэропортунун жака белиндеги Boeing-747 учагынын кыйрашы
"Манас" аэропортунун жака белиндеги Boeing-747 учагынын кыйрашы