БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 2016-жылдын 11 ай ичинде Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 108 ойлоп табууну патенттеген.
Ойлоп табылган эмгектер мал чарбачылыгынан тарта кен казууга чейин түрдүү тармактарга таандык. Анын айрымдары каржылык колдоого муктаж болуп ишке ашпай турса, дагы бири өндүрүштө ийгиликтүү колдонулууда. Мындан улам Sputnik Кыргызстан 2016-жылдагы кыргызстандыктардын ойлоп табууларын тизмектеп коюуну эп көрдү.
Стоматологиялык аспаптарды коюучу стол
Жабдыкты Александр Фомин менен анын кызы Наталия Костоломова ойлоп тапкан. Азырынча 5-6 даана чыгып ооруканаларда колдонула баштады. Буга чейин чыккан стоматологиялык столдун төрт буту болсо, жаңы ойлоп табуунун бир эле буту болуп, стол 360 градуска эркин айланат. Жабдыктын үстүнө аспаптарды жана дары-дармектерди койгонго ар түрдүү диаметрдеги уячалар бар.
Андан сырткары, ойлоп табуучулар колдонулган шприцтин ийнесин жок кылуу ыкмасын дагы иштеп чыгышты. Азыр техникалык мүнөздөмөсү каралууда.
Көчмө күпкөлөөчү ванна
Айыл-чарба университетинде эмгектенген Ысмаил Осмонов көчмө күпкөкананы ойлоп тапкан. Анын эмгеги Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын сынагынан 600 миң сом утуп алган. Быйыл бул ойлоп табуу Чүй облусунда курулат. Кийинки жылдары башка аймактардын жайлоолоруна салынмакчы.
Союз мезгилинде колдонулуп келген күпкөканаларга салыштырмалуу көптөгөн айырмачылыктары бар. Мисалга, ага көп кой салынганда суу азайып дары күчүн жоготпошу үчүн аны сууга аралыштырып күпкөканага кошуп турган жабдык орнотулган. Ошондой эле койлор түшүп жаткан учурда суу тез кирдеп кетет, ага каршы сууну тазалаган фильтр жана колдонулган сууну зыянсыздандыруу үчүн атайын кудук орнотулат. Андан сырткары сууга түшкүсү келбеген койлорду 10-15тен сууга салган атайын рельс кашалар дагы каралган.
Эске сала кетсек, ойлоп табуучулар көчмө күпкөканага көп каражат кеткендиктен, ушул эле түзүлүштөр орнотулган стационардык күпкөканаларды колдонууга берет.
Тамчылатып сугаруу жана жер семирткичтерди берүүчү көчмө насос
Жабдыктын өзгөчөлүгү — мобилдүүлүгү жана өсүмдүктү тамчылатып сугаруу менен бирге жер семирткич берүүсү. Аны трактор же жеңил унаа менен талаага жеткирүүгө болот. Суу жер алдынан бургулоо ыкмасы менен алынат. Түзүлүшү: атайын темирден жасалган араба, тирөөчү бар эки поршендүү насос, сууну жер алдынан соргон беш дрежардуу түтүк жана кошумча төрт түтүкчө менен жабдылган. Ойлоп табуу дизель майы менен иштеген генератор аркылуу иштейт. Жабдыкты иштеп чыккан Рыскул Касымбеков Кыргызпатенттин сынагына катышып, 300 миң сом утуп алган.
Ойлоп табуунун жардамы менен суу тартыштыгы чечилип, жада калса кайрак жерлерге жашылча-жемиштерди өстүрүүгө болот. Ошондой эле түшүмдүлүктү жогорулатып, аз акча сарптап экологиялык таза азыктарды алууга жол ачылат.
Касымбеков андан сырткары көп функциялуу айдоо-себүү машинасын дагы иштеп чыккан. Автор Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан ойлоп табууну ишке ашыруу үчүн 400 миң сом утуп алган. Келечекте массалык түрдө чыгаруу пландалып жатат. Алгачкы үлгүсү быйыл чыгарылат.
Жабдыктын жардамы менен каражат аз жумшалып, түшүмдү эки эсе көп алса болот. Анткени ал айдалып даяр болгон жерге пленка жаап, үстүн тешип үрөн сээп кетет. Ошол эле маалда сугаруу үчүн атайын суу түтүктөрүн таштайт. Автор аталган эмгектин үстүндө эки жылдай эмгектенген.
Мунун аркасында нымдуулук жакшы сакталып, отоо чөп көп чыкпай түшүмдүүлүк жогору болот. Иштетилбей жаткан жерлерди дагы колдонууга жол ачылат.
Кант заводунан чыккан калдыктарды кайра иштетүү
Кызылчанын калдыктарынан курулуш материалдарын алуу ыкмасын Сатыбалды Чериков көп жылдык тажрыйбысынан улам иштеп чыккан. Анда миңдеген тонна калдыктан түрдүү курулуш материалдарын чыгарууга пайдаланылган кошулмалар алынат.
Натыйжада курулуш материалдарын чыгарууга керектүү болгон кошулмаларды арзан алууга болот. Ошондой эле ал кошулмаларды жол курууга дагы пайдалануу каралган. Учурда ойлоп табуучулар изилдөөнү толугу менен жыйынтыктап, инвестиция таап чоң өндүрүшкө киргизүүнү пландашууда.
Акыректин акромиалдык учунун сынып-чыгып кетишинде остеосинтездөө ыкмасы
Изилдөө Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда 2013-жылы башталган. Авторлор — Сабырбек Жумабеков, Бектур Анаркулов, Бекназар Жунусов. Бейтаптын акырегинин сынган жеринен 0,5-1 см обочолоо менен эки сыныкты жана далынын акромиалдык өсүндүсүн эки каналдан көзөп тешип, алар аркылуу лавсан жибин үстүнөн төмөн көздөй, андан кийин сыныктын астынан бири-бирине айкалыштырып өткөрүп, дисталдык сыныктын каналдары аркылуу үстүнө чыгарышат. Андан соң сыныктарды түзөп ордуна коюуп, акырек керип байлоо менен бекитилет.
Аталган ыкма өлкө аймактарынын ооруканаларында колдонула баштады. Жаңы ойлоп табуунун өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы — аз акча кетип бейтап тез айыгат. Дененин кичине бөлүгү гана кесилип, сынган акырек тез бүтөт. Анткени сынган жерге мурдагыдай темир коюлбайт.
Жүк көтөрүүчү лифт
Лифтти конструктор Искендер Тойтонов менен Владимир Морозовдор иштеп чыгып, ага эки жылдай убакыт кеткен. Узундугу 4 метр, туурасы 2,5 метр болгон лифт бир тоннага чейин жүк көтөрө алат. Ыңгайлуулугу — жабдык кичине жерди ээлеп, жасоого аз каражат кетет. Ал электр тогу менен иштеген кыймылдаткычтын жардамы менен жүктү көтөрүп, түшүрөт. Жабдык учурда Бишкек шаарындагы кампаларда колдонула баштады.
Мындай жүк көтөрүүчү лифтти жасоого 4000 доллардай каражат кетип, 10 жылга чейин үзгүлтүксүз иштейт.
Жогоруда тизмектелгендерден сырткары 2016-жылы тоо-кен, энергетика, машина куруу жана азык-түлүк жаатында дагы ойлоп табуулар болгон.
Кошумчалай кетсек, 2015-жылы Кыргызпатентке ойлоп табуучулар тарабынан 126 өтүнмө түшүп, 117 ойлоп табууга патент берилген.