Референдумда иштеген операторлор алигиче айлыгын ала албай убара

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы 11-декабрда референдум жана жергиликтүү шайлоо учурунда автоматташтырылган урналарды иштеткен операторлордун 3 миң сомдон айлыгын бере элек.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 11-декабрда референдум жана жергиликтүү шайлоо учурунда автоматташтырылган урналарды иштеткен операторлордун айлыгын бербей кечиктирип жатканын Чүй облусунун Москва районунун тургуну Авас Рысманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Шайлоо участогунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо: айлыгына нааразы оператор, мыйзамга такаган Мамкаттоо
Анын айтымында, Москва районундагы операторлор мессенджерлердин биринде атайын топ түзүп, айлыктын берилер күнү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп турат. Учурда бул топко кошулгандардын саны 250гө жеткен.

Аталган райондун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Перизат Турсунова 11-декабрда иштеген кызматкерлердин айлыгы качан берилерин БШКдан тактоого аракет кылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. Бирок ага эч ким так жооп узата алган эмес.

"Чынында мени футбол тобундай кылып, бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө жөнөтүштү. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, алардын төрагалары менен катчылары иштеген акысын алышты. Бирок операторлорго бериле элек", — деп Турсунова нааразычылыгын билдирди.

Түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берген БШКнын шайлоо өнөктөштүгүн уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Конурбаев айлыктын кармалып жатышына Борбордук шайлоо комиссиясынын бюджетинде ал үчүн каражат каралбагандыгы себеп экенин айтты. БШК операторлордун айлыгын төлөп берүү боюнча мыйзамды 2016-жылдын жай айында эле демилгелеген. Бирок ал мыйзам учурда Жогорку Кеңеште экинчи окуудан гана араң өткөн.

"Бул маселе бир гана Москва районунда эмес, өлкөнүн бардык аймактарында болууда. 2,5 миңдей оператор айлыгын ала албай жатат. Мыйзам кийинки жумада жактырылат деп ишенем. Себеби бул маселе тез арада чечилиши керек", — деди Конурбаев.

Ал ошондой эле ар бир операторго 3 миң сомдон кем эмес акы төлөнүшү керектаган баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0