БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Ысык-Көл менен Ош облустарында жарык өчөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-январда Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу, Чырак, Барскоон, Кызыл-Суу, Ак-Сай, Ак-Суу айылдары менен Балыкчы шаарынын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот.
Андан сырткары, жабдууларды алмаштыруу жана оңдоо иштерине байланыштуу Ош облусунун Гүлчө айылында жана Ош шаарынын Төлөйкан кичи районундагы бир нече көчөсүндө 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчүрүлөт.