Январда аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан шаар жашоочулары. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын орточо температурасы Нарын облусунан башка аймактарда норманын чегинде болот.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттиги январь айына күтүлгөн аба-ырайынын божомолун жарыялады.

Чүй жана Талас облустары 

Бул айда эки аймакта аба-ырайынын орточо температурасы –3…–5 градуска чейин суук болот. Кемин өрөөнүнүн тоолуу аймактарында —7… —9 градуска чейин муздайт. Түнкүсүн –10…–15 градустан —3…–8 градуска чейин суук болсо, күндүз 0…–5 градус сууктан 5-10 градуска чейин жылыйт. 

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын орточо температурасы 2…4 градуска чейин жогорулап, түнкүсүн 5 градустан –8…–13 градуска чейин суук, ал эми күндүз 0…–5 градустан +7…+12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Аталган облуста абанын орточо температурасы 2…4 градус нөлдөн жогору болот. Түнкүсүн 10 градуска чейин суук болот. Күндүз –1…–6 градус сууктан 0…+5 градуска чейин жылымакчы. 

Нарын облусу

Тоолуу аймакта абанын орточо температурасы –10 –15 градуска чейин муздайт. Бир ай ичинде түнкүсүн аба ырайы болжолдуу түрдө –7…–12 градустан –19…–24 градуска жетсе, күндүз 2-7 градустан 8-13 градус чейин нөлдөн төмөн болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0