Яхье Машрапов: Түркиядан кийим-кече алып келип тирилик кылам
КР жараны Яхье Машрапов ЖМКларгы чыгып кеткен паспорт ага таандык экенин айтып, ал Интернетке кантип чыгып кеткенин билбей турганын билдирди. Ошондой эле Түркияда жасалган терактыга эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.
"Түркия мамлекети маалыматты тактап туруп анан жарыяласа жакшы болмок. Анткени бул кабар менин үй-бүлөмдү дүрбөлөңгө салды. Туугандарым менин коопсуздугум үчүн тынчсызданып кабатырлануууда", — деди ал.
Машрапов ал Түркиядан кийим-кече алып келип, тирилик кыларын айтты.