БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Дордойдун "Алкан" базарында таштанды челектердин жанынан 50-55 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек ШИИБ маалымат кызматынын инспектору Майрам Аскарбекова билдирди.
Анын айтымында, 3-январь күнү түшкү саат 12:45тер чамасында "Алкан" базарынын таштанды таштоочу челектеринин жанынан табылган кишинин жашы 50-55терде.
"Өлгөн адамдын денесинде жаракаттар байкалбайт, сууктан тоңуп өлүшү ыктымал деп божомолдонууда. Сөөк өлүк сактоочу жайга жөнөтүлдү", — деди Аскарбекова.
Инспектор каза болгон адамдын мурдун белгисиз жаныбарлар кемирип кеткенин кошумчалады.