БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ош облусунун Алайындагы Чакмак айылында жер көчкөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, көчкү турак үйлөргө 130 метр жетпей калган.
"Чакмак айылында бүгүн саат 16:30да болжол менен 3000 метр куб жер көчкү түшкөн. Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын чечими менен жашоочулар туугандарыныкына көчүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.
Учурда көчкү түшкөн аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынды.