БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Сүлүктүдөгү шахтада бир жаранды уранды басып каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кырсык "Кызыл-Булак" шахтасында 30-декабрь күнү саат 6.50дө болгон.
"Каза болгон адам Лейлек районунун Миң-Жыгач айылынын 53 жаштагы тургуну экени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып маркумдун сөөгүн Сүлүктү шаардык моргго өткөрүп беришкен.