БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрда жана 1-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында +1…+6 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 0…+5 градуска чейин жылыса, Нарында күндүз —8…-13 градус суук болот.