БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамга карата кыргыз-кытай чек аралары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, чек араларды убактылуу жабуу демилгеси Кытай тараптан көтөрүлгөн.
"Торугарт жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары 31-декабрдан 2-январга чейин жабылат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми транспорттук каттамдар менен оор жүк ташуучу унаалар 3-январдан тарта өткөрүлө баштайт.