БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Оштун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда машина кулап, эки адамдын каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 12.50лөр чамасында болгон. "УАЗ" үлгүсүндөгү унаа аталган жолдун 45-чакырымына келгенде 30-35 метр бийиктиктен кулап, Тар суусуна түшүп кеткен.
Унаанын ичинде 7 адам болгон, анын ичинен бир жаш бала жана бир аял көз жумса, төрт киши оор, дагы бир жүргүнчү жеңил жаракат алган.
Жабырлануучулар райондук ооруканага жеткирилди, учурда алардын аты-жөнү такталууда.